Ош облусунун Ноокат районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн т.а. таажывирус боюнча бөлүм башчысы Дилшат Мамажанов видеотасма тартып, ооруканада таажывирусуна чалдыккан бейтаптар үчүн кандай шарттар түзүлгөнүн айтып берген.
Анын айтымы боюнча, аталган бөлүмдө 1 дарыгер, 2 дарыгер-реаниматолог, 2 медайым, 3 санитардык кызматкер кезек менен иштейт.
Ооруканадагы дарыгер-реаниматолог ооруканага оор абалда келген бейтап тууралуу айтып берди.
“Бир бейтап 20-мартта оор абалда келген. Биринчи келгенде аябай кыйналган. Бир жагынан бейтапты туруктуу абалга келтириш үчүн бизге оор болду. Азыркы учурда ал жакшы болуп келе жатат” – дейт дарыгер-реаниматолог.
Дарыгерлердин айтымы боюнча, оорукана кычкылтек аппараттары жетиштүү, ар бир бейтап үчүн шарттар түзүлгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ