Menu

Казакстанда коронавирус жуктурган кишилердин саны 951 болду

Бөлүшүү:

Казакстанда 12-апрелге карата коронавирус инфекциясын жуктурган кишилердин саны 951ге жетти, 99у айыкты, 10 адам көз жумду.

Бул арада Актөбө шаарында “тез жардам” фельдшерлери өзгөчө кырдаал маалында иштеп жатышканы үчүн кошумча акы талап кылышууда. Бул даттануулардан кийин казак бийлиги аларга бир жолу 100 миң теңге (230 доллар) төлөөгө убада берди.

Дем алыш күндөрү Алматы шаарында эле 27 медициналык кызматкер вирус жугузуп алганы белгилүү болду. Алардын ичинен экөөнүн абалы оор. Инфекция жугузгандардын бирөө кош бойлуу.

Казакстан Саламаттык сактоо министрлиги 10-апрелде жалпы өлкө боюнча 120 медицина кызматкери коронавирус илдетине кабылганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: