Бүгүн, 13-апрелге карата Кыргызстанда дагы 42 адамдан таажывирусу табылды. Бул тууралуу өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 10, Чүй облусунда – 6, Ош облусунда – 9, Ош шаарында – 5, Нарын облусунда – 9, Жалал-Абад облусунан – 2, Баткен облусунда – 1 учур катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 419га жетти. Алардын ичинен:
– Ош облусунда — 128 адам;
– Жалал-Абад облусунда — 91 адам;
– Ош шаарында — 59 адам;
– Бишкекте — 69 адам;
– Нарын облусунда — 34 адам;
– Чүй облусунда — 27 адам;
– Баткен облусунда — 5 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 6 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ