Араван районунун дыйкандары быйыл жазда, 2020-жылда өндүргөн 110 тонна айыл чарба азык-түлүктөрү (чеснок, пияз, капуста ж.б.) республиканын ички базарларына, Казакстан жана Россияга жөнөтүлдү. Бул тууралу КР дин Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирет.
2020-жылдын 11-апрелинде дыйкандар 8,0 тонна чеснок, пияз, капустаны базарга сатууга алып чыкты. Чеснок, пияз, капустага үшүк тийген эмес. 2020-жылдын 9-10-апрель күңдөрү болгон үшүк жүрүшүнүн негизинде район боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнөн 1602 гектар аянттагы картошканын жалбырагын үшүк уруп зыян тартты. Бирок бул картошканын түшүмүнө ото зыян алып келбейт, бирок түшүмдүүлүк 20-30 пайызга чейин азайышы күтүлөт, себеби негизинен үшүк жалтырактын үстүнкүлөрүнө тийген, астына зыян кылган эмес. Бир жума убагында картошка мурдагы абалына келет. Болгону картошканын бышышы мурдагыга салыштырмалуу 20-25 күнгө кечигет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ