Бүгүнкү күндө стационарда 347 адам жатат. Анын ичинде 11 бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымы боюнча, 5 бейтап жандандыруу бөлүмдөрүндө жатат.
“Орто оорчулукта 336 адам дарыланып жатат. 67си сакайып, ооруканадан чыкты. Каза болгондордун саны – 5” – деп билдирди министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 419 адамдан таажывирусу аныкталган. Катталган учурлардын ичинен – 224ү аял, 195и эркек.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ