Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлердин арасында таажывирустук инфекцияны изилдөө үчүн Жалал-Абадга атайын топ жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«Ала-Букадагы 5 дарыгер таажывирус илдетин жуктуруп алгандан кийин, көптөгөн адамдар коркуп кетишти. Саламаттыкты сактоо министрлиги вирус жуккан медициналык кызматкерлердин арасында анализ жүргүзүү үчүн жумушчу топту жөнөттү. Ал топ дарыгерлер вирусту кантип жуктуруп алгандыгын жана мындан ары эмне кылуу керектигин изилдейт ”,- деди Усенбаев.
Учурда Кыргызстан боюнча жалпы 79 медицина кызматкерлер таажывирус илдети менен ооруп жатат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ