Медициналык кызматкерлердин арасында таажывирусуна чалдыгуунун өсүшү байкалууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрель күнү өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун акыркы маалыматы боюнча, дүйнөдө 22 миңден ашык медицина кызматкерлери таажывируска дуушар болуп турган кези. Айта кетсек, Италияда 15 миңден ашык медицина кызматкерлери ооруга дуушар болуп, дарыланууга мажбур” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
“Бизде 79 учур болуп жатат. Мунун себептери да ар кандай болушу мүмкүн. Анткени, БДСУнун берген аналитикалык макалаларына таянсак, медициналык кызматкерлер ооруп жаткан адамдар менен тыгыз байланышта болгондорду тейлеп жаткан учурларда, же узак убакыт обсервацияларда жүргөндө, же жалпы элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда вирусту жугузуп алышы мүмкүн” – деп белгиледи министринин орун басары.
Ал ошондой эле, медициналык кызматкерлердин вирусту жуктуруп алуунун ар бир учуру комиссия тарабынан тыкыр текшерилерин кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ