Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 4 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкекте, Чүйдө, Ош жана Талас облустарында 1ден өрт кырсыгы катталган.
Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришинде өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин өрт өчүрүлгөн.
Ошондой эле, Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылында турак үй толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн себеби электр шаймандарын туташтыруу эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.
Ноокат районунун Тескей-Кожок айылында үйдүн короосундагы 500 кг чөп күйүп кеткен.
Ал эми, Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында үйдүн чатырынан өрт чыккан. Өрттүн аянты 42 кв.м. Ошондой эле 100 баш чөп күйүп кеткен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ