Menu

Нурболот Үсөнбаев: “Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын кызматкерлеринин бири таажывирус илдетин жуктуруп алган”

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын кызматкерлеринин бири таажывирус илдетин жуктуруп алган. Бул тууралуу, бүгүн, 13-апрелде өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Кызматкер илдетти кайсы жактан, кантип жуктуруп алганы азыр иликтенип жатат.  Муну менен катар ал бүгүн дарыланып жатат. Биз инфекцияны жуктуруп алуунун бардык контакттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн тактап чыктык. Андан тышкары эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурдук. Бейтап менен тыгыз байланышта байланышта болгон бардык адамдар текшерилди “, – деди Үсөнбаев.

Учурда Кыргызстанда таажывирус илдетин 419 адам жуктуруп алган. Ал эми бул илдеттен 67 адам айыгып, беш бейтап көз жумду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: