Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында медицина кызматкерлеринин ЭКК (эмгекке катышуу коэффиценти) боюнча кепилденген эмгек акысы келип түшкөн тапшырыктардын негизинде толук көлөмдө каржыланды. Бул максаттарда 1707,2 млн сом жана Социалдык фондго камсыздандыруу чегерүүлөрүнө 311,4 млн сом жумшалган. Мындан тышкары 1-кварталда үй-бүлөлүк дарыгерлерге индикаторлорду аткаруунун жыйынтыгы боюнча 78,5 млн сом, үй-бүлөлүк медайымдарга 22,7 млн сом төлөндү”, – деп билдирди кечээ, 12-апрелде республикалык ыкчам штабдын жыйынында вице-премьер Аида Исмаилова.
Дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алууга 295,7 млн сом бөлүнгөн жана үстүбүздөгү жылдын апрелинде 126 млн сом каралган», – деди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ