Menu

ТИМ: Кыргызстандын Россиядагы жарандарын эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин Кыргызстанга барбай турууга чакырабыз

Бөлүшүү:

11-апрелге белгиленген “Сибирь” (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск-Бишкек-Новосибирск багытындагы чартердик рейси болбой калгандыгына байланыштуу Башкы консулдук төмөндөгүнү кабарлайт.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск областындагы диаспоранын активдүү мүчөлөрү менен биргеликте  Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Кыргызстандагы миссиясынын каржылоосунун негизинде Новосибирск шаарындагы мейманканаларында Кыргызстанга кетүүсүн күтүп жаткан 132 мекендештерибиз менен жолугушуу өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушуу учурунда Башкы консул К.Маматалиев жарандарга Кыргызстандагы коронавируска байланышкан кырдаалга ылайык жакын арада Мекенге авиакаттамдар болбой тургандыгын кабарлады. Андан сырткары жатакана жана тамак-аш маселесин каржылоо, жумушка жайгаштыруу, миграциялык каттоо мөөнөтүн узартуу боюнча суроолорго жооп берди.

Бүгүнкү күндө 136 кишинин жатаканасын каржылоо (ЭМУ) нун Кыргызстандагы миссиясынын каржылоосу менен  чечилип, тамак-аш маселеси Кыргыз диаспорасынын жардамы менен уюштуруу келишимине жетишилди. Хостелде жайгашкан жарандардын арасынан муктаж болгон 4 жаран Кыргызстандык мекендешибиз ээлик кылган  “Андар” жеке медициналык борбордон медициналык кароодон өткөрүлдү.

Ошону менен бирге каза болгон үч Кыргызстан жарандарынын сөөгү (груз 200) 11–апрель күнү Казахстан Республикасынын аймагы аркылуу автомобилдик транспорт менен Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Башкы консулдук Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы курамында күн-түн режиминде иш жүргүзүп жатат. Керектүү консултацияларды +79607812324 телефон номери аркылуу жана konsulsib.kg@mail.ru электрондук дареги аркылуу алууга болот.

Кыргызстан жарандарын Россия бийлиги киргизген медициналык жана санитардык эрежелерди бекем сактоого жана эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин Кыргызстанга барбай турууга чакырабыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: