Бишкек шаарында турак жайы жок адамдар дагы коменданттык саат эрежелерин сактап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрель күнү Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
“Бизде атайын башпаанектер бар, мисалы, “Коломто” муниципалдык мекемеси. Алар коменданттык саатты ошол жактан күтө алышат” – деп билдирди комендант.
Белгилей кетсек, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартиби 25-марттан баштап 15-апрелге чейин киргизилген. Аталган аймактарда комендатуралар түзүлүп, саат 20:00дөн 07:00ге чейин коменданттык саат киргизилген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ