“Биз координаторлор менен чоогу кызматташып жатабыз, иштеп жаткан медицина кызматкерлерине үстүртөн байкоо жүргүзгүлө, кысым көрсөтпөгүлө деп айтып жатабыз. Анткени ар бир медицина кызматкери кандайдыр бир көйгөйдү айтышы мүмкүн. Эртеңки күнү кайра келип, кечээгидей телевидениеге же соцтармактарга чыгарып, кечирим суратканы – бул негизи туура эмес. Биз мунун үстүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тийиштүү иштерди алып бара жатабыз”, – деп билдирди бүгүн, 13-апрель күнү өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ