Menu

Искендер Матраимов, ЖК депутаты: “Мамлекеттин таажывируска каршы күрөш боюнча атайын ачылган эсебине 10 000 000 сом акчалай каражатын котордук”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-апрелде КР Жогорку Кеңешинин депутаты Искендер Матраимов өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына таажывируска каршы күрөштө Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фонду кандай жардамдарды берип жатканын жарыялады:

“Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду Саламаттык сактоо тармагына медициналык жабдыктарды, жардамга муктаж калктын катмарына медициналык бет каптарды жана ун, май азыктарын таратып берип келүүдө. Мындан тышкары атайын ачылган мамлекеттин эсебине 10 000 000 сом акчалай каражатын дагы котордук.
Берилген жардам, кошкон салымдар COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө натыйжа берип, элибиз ылаӊдын сыноосунан курмандыксыз өтүп кетсин деген тилегибизди билдиребиз.”,- деп жазган Матраимов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: