Menu

“Чек арасыз кабарчылар” тажик бийлигин камактагы журналистти бошотууга чакырууда

Бөлүшүү:

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык укук коргоо уюму Тажикстан бийлигин жыл башында кармалган журналист жана дин таануучу Далер Шарифовду токтоосуз түрдө бошотууга чакырды.

Дүйшөмбү, 13-апрелде журналисттин иши боюнча сот отуруму өтөт.

Шарифов 2020-жылы 28-январда парламенттик шайлоонун алдында экстремизм шеги менен кармалган. Башкы прокуратура Шарифовду 2013-2019-жылдары “экстремисттик мазмундагы 200дөн көп макала жарыялаган, диний жек көрүүнү козуткан ,”Мусулман агайындар” кыймылынын идеяларын жайылткан” деп айыптоодо.

“Чек арасыз кабарчылар” тажик бийлигинин бул айыптоолорун “абсурд” деп атап, журналист өз материалдарында экстремизмди сындап келгенин белгилеген.

Январь айынын башынан бери Тажикстанда “Мусулман агайындар” кыймылына мүчө делген жүздөн ашык киши кармалып, айрымдары кийин кое берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: