Өткөн сутка ичинде коменданттык саат убагында Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда тартип бузган 17 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрель күнү комендант Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымы боюнча, кармалган 17 жаранга мыйзам чегинде чаралар көрүлгөн.
“Учурда коомдук саясий абал туруктуу, комендатуранын көзөмөлүндө” – деп кошумчалады Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ