Menu

Эл аралык валюта фонду таажывируска байланыштуу 170тен ашык мамлекетте киши башына кирешенин терс өсүшүн болжолдойт

Бөлүшүү:

Кечээ, 12-апрель күнү Эл аралык валюта фондунун директору Кристалина Георгиева, көп тараптуу финансы уюмдун учурдагы божомолуна ылайык, быйыл дүйнөнүн 170тен ашык мамлекетинде киши башына кирешенин терс өсүү темпи байкаларын билдирди.

“COVID-19 чагылгандай ылдамдыкта биздин кадимки социалдык-экономикалык абалды бузду ” – деп билдирди Кристалина Георгиева.

Анын айтымы боюнча, учурда 2020-жылы глобалдык экономикалык өсүш “кескин түрдө терс” болуп калаары айдан ачык.

“Чындыгында, биз Улуу депрессиядан кийинки эң олуттуу экономикалык кесепеттерди күтөбүз” – деп белгиледи ЭВФтин директору.

Мындан 3 ай мурун Георгиева 2020-жылы ЭВФ калктын киши башына кирешесинин оң өсүшүн күтөт деп айткан, бирок азыр ЭВФ 170тен ашуун өлкөдө кирешелердин өсүшүнүн терс арымдары байкалаарын айтты.

“Бул божомол өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан экономикага да тиешелүү. Бул кризистин чеги жок. Баары жабыр тартат”  – дейт Георгиева.

Ал ошондой эле, кризис экономикасы алсыз өлкөлөргө көбүрөөк зыян келтирерин баса белгиледи.

“Африкада, Латын Америкасында жана Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндө өнүгүп келе жаткан базарлар жана кирешеси аз өлкөлөр өзгөчө тобокелдикке ээ” – деп кошумчалады.

Акыркы эки айда өнүгүп келе жаткан рыноктордон портфелдик инвестициялардын агып чыгышы болжол менен 100 миллиард долларды түздү – дүйнөлүк каржы кризисинин ушул эле мезгилиндеги агып чыгуудан үч эсе көп.

ЭВФтин баа берүүлөрү боюнча, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө тышкы дүң каржылоо триллиондогон долларга муктаж экендигин белгилеп, ЭВФтин жетекчиси алар  “тезинен жардамга муктаж” деди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: