Жогорку Кеңештин депутаттары 15-апрелде жыйынга чогулат. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрель күнү парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.
Анын айтымы боюнча, жыйын саат 10:00дө башталат. Азырынча күн тартибинде эмне маселе каралары белгисиз.
Белгилей кетсек, 15-апрелде эрте менен, Кыргызстанда таажывирустун жайылышына байланыштуу айрым шаарларда жана аймактарда 25-мартта киргизилген өзгөчө кырдаал аяктайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ