Ысык-Көл облусу боюнча 32 адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Такталгандай, өткөн суткада обсервациядан үй карантинине 31 адам чыккан, учурда 32 адам обсервацияда жана 6 бейтап инфекциялык изолятордо.
Обсервацияда жаткан 32 адам: Каракол шаары – 8, Ак-Суу – 10, Ысык-Көл району – 8, Түп району – 3, Жети-Өгүз району – 3 жатат.
Ысык-Көл облусу боюнча жалпысынан 6 адамдан таажывирусу аныкталган: Алардын ичинен: Каракол шаары – 3, Түп району – 2, Ак-Суу району – 1.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ