Республикалык штаб Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал тартиби жана өзгөчө кырдаал режимдерин узартууну сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрель күнү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, мындай иш-чаралар таажывирустук инфекция менен ооругандардын санынын өсүшү менен байланыштуу.
“Бизде азыр таажывирустун жаңы учурлары чыгып жатканына байланыштуу, муну толук кандуу изилдеп, тактоо үчүн убакыт керек болуп жатат. Ушуга байланыштуу, өзгөчө кырдаалды узартуу сунушун өлкөнүн президентине киргиздик” – деп билдирди Кубатбек Боронов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ