Menu

Кубатбек Боронов өзүнүн билдирүүсү үчүн дарыгерлерден кечирим сурады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-апрелде онлайн брифингде вице-премьер-министр Кубатбек Боронов дарыгерлерге кысым көрсөтүү, алардын укугун бузуу маселесин көтөрдү. Ал мурунку брифингде айрым дарыгерлер инфекция жөнүндө билдирүүнү өз эсебине алышканын белигледи.

“Буга чейинки брифингде медицина кызматкерлери боюнча айткан маселе бар болчу. Ал жердеги маалыматты айтканда, бирөөнүн аты-жөнүн, же бирөөнүн купуя сырын айтуу боюнча маселе болгон эмес” – деп билдирди Кубатбек Боронов.

Анын айтымы боюнча, маселенин негизги максаты – инфекцияны дарыгерлердин гана эмес, ошондой эле мамлекеттик органдардын башка кызматкерлеринин да алдын алуу болгон.

“Жалпы медициналык кызматкерлерден расмий түрдө кечирим суроого даярмын. Эгерде, абройуңуздарга шек келип калса, кечирим сурайм. Туура түшүнүңүздөр, андай ой менен айтылган маселе эмес. Биз медициналык кызматкерлерди колдоп, ар дайым жардам көрсөтөбүз. Штабдын башчысы катары алар менен тыгыз байланышыта иштеп, алардын канчалык деңгээлде эрдик менен иштеп жатканын өз көзүм менен көрүп жатамын. Ошондуктан, эгерде туура эмес кабыл алынып калынса, туура эмес түшүнсөңүздөр, мен кечирим сураймын” – деп билдирди Кубатбек Боронов.

Белгилей кетсек, 8-апрелде онлайн брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: “Ош шаарындагы инфекциялык ооруканада иштеген дарыгер умрадан келген кошунасынын үйүндө отуруп, вирусту жуктуруп алган. Андан кийин ал өзүнүн кесиптештерине жуктурган. Ооруну жуктурган дарыгер иштеген бөлүмдө 11 кызматкер бар” – деп билдирген.

9-апрелде таажывирусуна чалдыккан дарыгер биринчи вице-премьер-министрдин айткандарын врач жокко чыгарып,  “дарыгер ажы тойго барып таажывирусун жуктурган” деген маалыматты карандай калп деп айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: