Menu

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган адамдарды кемсинткендер $2330 тартып $4660 чейин айып пул төлөйт

Бөлүшүү:

Өзбекстанда COVID-19дан айыккан же карантинде жаткан жарандарды кемсинтүү, алардын жеке жашоосу тууралуу маалыматтарды жарыялоо үчүн 9 миллион сум (930 доллар) өлчөмүндө айып пул салуу жазасы киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабы билдирди.

Бул эреже бузуу экинчи жолу кайталанса, 22,3 миллион сум (2 330 доллар) өлчөмүндө айып пул салуу, же 300 саат коомдук жумуштарды аткартуу, же эки жыл түзөтүү иштерине тартуу жазасы колдонулат.

Эгер коронавирус жуктуруп алган жарандын жеке жашоосу тууралуу маалыматтардын жарыяланышы олуттуу кесепеттерге алып келсе, ага күнөөлүү кишилер 44,6 миллион сум (4 660 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөп, же 360 саат коомдук жумуштарды аткарып, же үч жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Күн мурун Өзбекстанда коронавирус инфекциясынан төртүнчү бейтап каза болду. Саламаттык сактоо министрлиги ал март айында умрадан келген Фергана облусунун 69 жаштагы тургуну экенин кабарлады.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда COVID-19 инфекциясын жуктурган адамдардын саны 896га жетти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: