Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу Кыргызстанга учуу токтотулгандыгына байланыштуу Новосибирск шаарынын аэропортунда 1977-жылы туулган С.А. аттуу жарандын өлүмү тууралуу Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалымат чындыкка дал келбегендигин билдирет.
Аталган жаран Новосибирск шаарында убактылуу жашап, медициналык мекемеде дарыланууда жүргөн жана оор онкологиялык оорунун натыйжасында каза болгон.
Новосибирск областындагы кыргыз диаспорасынын колдоосунда анын сөөгү 6-апрелде Новосибирск шаарынын мусулмандар көрүстөнүнө коюлду.
Башкы консулдук каза болгон жарандын туугандарынын өтүнүчүнө ылайык Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарын такталбаган маалыматтарды жарыялоодон оолак болууга жана расмий булактарга таянууга чакырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ