Menu

Видео – Бишкектеги үй-бүлөөлүк медицина борборунун дарыгери Минара Кулматова жетекчисин сындаганы үчүн кызматынан алынган

Бөлүшүү:

Бишкектеги №18 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Минара Кулматова өзүнүн айтымында, ал ушул жылдын 7-апрелинде өзгөчө кырдаалга карабастан клиниканын жетекчилиги тарабынан берилген жалган сөгүштүн негизинде иштен алынган.

Мындан улам Кулматова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, медициналык ишин улантуу үчүн аны калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылган.

“Ушул жылдын февраль айында мурунку депутат, азыркы вице-премьер-министр Аида Исмаилова жетектеген комиссия клиникага келгенде 2019-жылдын 19-апрелинде жана 10-майында клиниканын кызматкерлерине сый акы берилгени тууралуу маалым болгон. Бирок бул жөнүндө кызматкерлер, анын ичинде мен дагы билген эмесмин. Аталган медицина борборунун дарыгери Тилек Жантайбеков 11 гана кызматкерге сый акы берген. Ал эми калган акчалар кайсы жака корогону белгисиз. Ошондо мен комитеттин төрайымы катары мыйзамсыз сый акыларды берүү маселесине токтолгондо чыр чыккан. Бул иш дагы деле Финансы полициясында, бирок укук коргоо органдары тарабынан эч кандай чара көрүлгөн жок. », – деди Кулматова.

Ошондой эле Кулматова, “Мен 14 жылдан бери поликлиниканын профсоюзунун төрайымы болуп да эмгектенгем. Өзүбүздүн кызматкерлердин укугун дайыма коргоп келем. Ошондой эле өзүмдүн кесибиме жоопкерчиликтүү мамиле кылып келем. Урматтуу президент сизден суранам мени медициналык ишимди улантуу үчүн калыбына келтирип берүүңүздү суранам”,- деген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: