Menu

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлиги оорукана кызматкери коронавирустан өлгөнүн четке какты

Бөлүшүү:

Тажикстандын Саламаттык сактоо жана социалдык жактан коргоо министрлиги Хатлон облусунун Бохтар шаарындагы облустук оорукананын 58 жаштагы кызматкери коронавирустан өлгөнүн четке какты. Аталган ооруканада ондогон киши карантинде жатат.

Маалыматка караганда, Оишамо Олимова 12-апрелде коронавирустан эмес, пневмониядан көз жумган, анын жүрөк оорусу да болгон. Олимова дарыгер же медайым экени айтылган эмес.

Бохтардагы облустук ооруканада Орусиядан келген тажикстандыктар карантинде жатат.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус жуктурган учур каттала элек экенин билдирүүдө.

Өлкөдө 1-февралдан тарта 13-апрелге чейин чет мамлекеттерден келген 7 560 киши карантинге алынган. Алардын ичинен 5 754 киши үйүнө чыгарылган, 1836сы карантинде, алардын 326сы чет өлкөлүк жарандар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: