Menu

Видео – Кубатбек Боронов дарыгерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттардын камы тууралуу айтып берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-апрелде вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн брифингде бүгүнкү күндөгү дарыгерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттардын камы тууралуу маалымат берди.

Учурда өлкөдө:

– Бир жолку коргоочу костюмдар – 16 388,

– Көп жолку коргоочу костюмдар – 13 060,

– Беткаптар – 792 836,

– Бахилалар – 410 692,

– Көз айнектер – 6 579,

– Кол каптар – 6 259 603,

-Респираторлор – 41 611 бар.

Боронов социалдык тармактарда жана ЖМКларда жеке коргонуу шаймандарынын жетишсиздиги боюнча даттануулар өлкөдөгү кырдаалды чагылдырбайт деп белгиледи. Анын айтымында, дарыгерлерде бардыгы жетиштүү болушу керек,  эгерде айрым мекемелерде жетишсиз болсо, анда ал жактагы жетекчиликтин кемчилиги. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 339 адамдан таажывирусу аныкталган. Алардын ичинен 176сы аял, 163ү эркек.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: