Menu

Президентке өзгөчө абал режимин узартуу сунушталды

Бөлүшүү:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб президент Сооронбай Жээнбековдон Кыргызстандагы айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунуш киргизди.

Бул тууралуу 13-апрелде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков штабдын жетекчиси, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кабыл алуу учурунда белгилүү болду.

Боронов мындай чара эл арасында коронавирустун жайылышына жол бербөө максаты менен шартталганын айтты. Реагенттин жоктугунан баштапкы анализдер тоңдурулуп коюлгандыгын белгилеген Боронов азыр алардын жыйынтыгы толук алынганын, ошого жараша ооругандардын саны да көбөйүп жатканын айтты. Ал «акыркы апталардын графигинин негизинде оорунун туу чокусуна жеттик деп айтуу али эрте экендигин» белгиледи.

Кыргызстанда 22-марттан тартып өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

Өзгөчө абалдын шартында түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүзү дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө, уруксаты жок болсо жумушка барууга тыюу салынган.

13-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 419 адамга жукту, алардын бешөө каза тапты, 67 бейтап айыгып чыкты. 419 адамдын 79у медицина кызматкери.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: