Тажикстанда маңзат аткезчилиги менен алектенген ооган жаранын колго түшүрүү операциясына катышкан Хатлон облусундагы Хамадони райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, төрт милиция кызматкери жана үч дарыгер карантинге алынды.
Бул тууралуу Куляб аймактык саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Садриддин Гаюров билдирди.
«Алардын баары операция маалында өлтүрүлгөн аткезчинин денесин жана буюмдарын кармагандыктан, үч жумалык карантинге алынды. Ал жаранда коронавирус инфекциясы болгон болушу мүмкүн», — деди Гаюров.
Ооган-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн адамды колго түшүрүү операциясы 10-апрелге караган түнү болгон. Анын жүрүшүндө Ооганстандын 50 жаштагы жараны милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, жыйынтыгында атып өлтүрүлгөн. Анын жанынан 16 килограмм маңзат табылган.
Расмий маалыматтар боюнча Ооганстанда 1,5 миңден ашык адам коронавирус жуктуруп алган. Тажикстан илдеттин жайылуу ыктымалдыгынан улам марттын ортосунда Ооганстан менен чек арасын жаап, коңшусу менен соода-сатыкты токтоткон.
Тажикстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктурган адамдар жок экенин билдирүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ