Menu

2010-жылы Кара-Суу раймилициясынын начальниги Адыл Султановду өлтүргөндөрдүн бири Бахадыр Жураев абакта көз жумду

Бөлүшүү:

Кечээ, 13-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Бахадыр. Ж аттуу соттолуучу 2010-жылдагы башаламандыктарга катышып, кандай кылмыштарды жасагандыгын айтып берди.

Буга чейин “Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын 2019-жылга карата акыркы отчетторунда маалымдалгандай, түрмөдө отурган Бахадыр Ж. узакка созулган оорудан кийин каза болгон. Укук коргоочулардын айтымында, ал адамдын ден-соолугу “шарты начар абактан улам” начарлап кеткен.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2010-жылдын 29-октябрында Кара-Суу райондук соту аны 25 жылга эркинен ажыраткан.

Соттун аныктамасына ылайык, Бахадыр Ж. жана башкалар Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысын жана анын айдоочусу, милициянын улук кызматкери  У. Шамурзаевди өлтүргөн деп соттолгон.

Жаңы күчүнө кирген кылмыш мыйзамына жана Жогорку Соттун 2019-жылдын 14-февралындагы чечимине ылайык үч инстанциянын жазалары өзгөртүлгөн. Бахадыр Ж.ны жазасы 18 жылга чейин кыскартылган. Ал эми калганы өзгөрүүсүз калган.

Соттолгон адам Петровка айылындагы №8 мекемеде жазасын өтөп жаткан. Бахадыр Ж. 2020-жылы 4-январда жүрөк оорусунан жана кант диабетинен көз жумган.

Эске сала кетсек, 2010-жылы 13-июнда Ош облусундагы улуттар аралык кагылыштын учурунда Кара-Суу районунун милициясынын начальниги Адылбек Султанов өзүнүн шоопуру, милициянын улук кызматкери Уран Шамурзаев экөөсү милициянын “Жигули” үлгүсүндөгү унаасы менен ошол эле райондун Нариман айылына сүйлөшүүлөргө барышканда кокустан кол салган 5 жаран аларды мууздап салышкан. Андан кийин кылмышкерлер Адылбек Султановду өрттөп, Уран Шамурзаевдин башын кесип алып сууга ыргытып жиберишкен. Бул кылмыш боюнча 5 жаран кармалып, эң оор жазалар менен соттолгон.

Адылбек Султанов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: