Бүгүн, 14-апрелге карата Кыргызстанда дагы 11 адамдан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы учурлар:
-Бишкек шаарында – 8,
-Чүй облусунда – 1,
-Жалал-Абад облусунан – 2 учур катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 430га жетти.
Алардын ичинен:
– Ош облусунда — 128 адам;
– Жалал-Абад облусунда — 93 адам;
– Ош шаарында — 59 адам;
– Бишкекте — 77 адам;
– Нарын облусунда — 34 адам;
– Чүй облусунда — 28 адам;
– Баткен облусунда — 5 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 6 адам.
Катталган учурлардын ичинен 230у аял, 200ү эркек.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ