Menu

ИИМ: Бүгүн түндө коменданттык саатты бузган 46 жаран жана 9 автоунаа кармалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-апрелге карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 46 жаран жеткирилип, 9 автоунаа атайын жайларга токтотулду. Алардын ичинен:
Бишкек шаары боюнча – 40,
Жалал-Абад шаары боюнча – 6.
Ал эми, Ош шаары, Сузак, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2518 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.
Урматтуу биздин мамлекеттин жарандары! Өлкөбүздүн коопсуздугу, өзүбүздүн коопсуздугубуз, өзүбүздүн колубузда экендигин эске алуу менен бекем тартипти сактоого чакырабыз. Ар бирибиз обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз так жана туура сактоого милдеттүү экендигибизди унутпайлы. Ар бир тартип бузуунун аркасында –мыйзам чегинде жоопкерчилик деген бар. Ошол себептүү ар бир Кыргызстандык, ар бирибиз ушундай өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз керек – бул ар бирибиздин – Ата Журтубуздун алдындагы парзыбыз жана милдетибиз экендигин таразалап туура түшүнөсүңөр деген ишеничтебиз. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: