Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерлери медицина кызматкерлерин күчкө салып эл алдынан кечирим суратып жатат деген маалымат боюнча, КР УКМК төмөнкүлөрдү билдирет.
Дүйнө жүзүндө таралып жаткан коронавирустун тегерегинде, айрым тараптар такталбаган маалыматтарды таратуу жана COVID-19 каршы иштеп жаткан баардык мекмелердин ишин жаман көрсөтүү аркылуу өздөрүнө жеңил пиар кылуу аракетин көрүшүүдө.
Белгилей кетсек, ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалган маалыматтарды жарыялап тараткандар, алардын арасында медицина кызматкерлери да аныкталган.
Кармалгандарга түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин баардыгы койо берилген.
Бул фактылар боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлдү.
КР УКМК Ысык-Ата үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Бектур Апышевдин катышуусу менен кандайдыр бир иш-чара өткөрүлбөгөндүгүн жана анын катышуусу менен таратылган видеого эч кандай тиешеси жок экендигин билдирет.
КР УКМК жарандардан маалыматтарды расмий булактардан алып, кандайдыр бир билдирүү таратканда так болууга чакырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ