Кыргызстанда 7100 адам таажывирус илдетин жуктуруп алган бейтаптар менен байланышта болгон. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, алардын 1417и тыгыз байланышта, ал эми 5683 адам экинчи категорияда болушкан. Учурда байкоодо 974 адам бар.
Мындан тышкары, изилдөөгө 27 миң 13 анализ келип түшкөн, алардын ичинен 26 миң 147си изилденген.
Учурда өлкөдө таажывирус илдети менен 430 адам жабыркоодо.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ