Учурда таажывирус илдети табылган ымыркайлардан оорунун оор белгилери көрүнбөй эле, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болушууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында ооругандардын арасында 15 жашка чейинкилердин саны 40ка жетти. Алардын ичинен үчөө 1 жашка чейинки наристелер.
Таажывирус илдети менен жабыркагандардын жаш курагы:
– 0 жаштан 15 жашка чейин – 40 адам (анын ичинде 1 жашка чейинки 3 ымыркай бар);
– 16 жаштан 19 жашка чейин – 12 адам;
– 20 жаштан 35 жашка чейин – 106 адам;
– 36 жаштан 55 жашка чейин – 162 адам;
– 56 жаштан өйдө – 110 адам.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ