Menu

1-апрелден баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда таажывирус менен ооругандардын саны 3 эсеге көбөйгөн

Бөлүшүү:

Таажывируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматы боюнча, эгерде 1-апрелде илдетке чалдыккандардын саны 101 адам болсо, 14-апрелде алардын саны 430га жетти, башкача айтканда, 3 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда билдирди.

Анын айтымы боюнча, обсервацияларды 11 миң 961 койко даярдалып, 28-январдан тарта 15 миң 219 адам тейленген.

“Үй карантинине 53 752 адам алынды. Анын ичинен 20 436 адам чыгарылган. Учурда карантинде 33 316 адам жатат. Жалпы байланшыта болгондордун саны – 6898. Алар 2 категорияга бөлүнөт: 1-категорияда 1417 адам, тыгыз байланышта болгондор (үй-бүлөсү), 2-категорияда 5683 киши (тааныштары, башкалар) байланышта болгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: