Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин (ЖЕЭК) мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жумушчу жыйынына катышат.
Беларусь Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү жумушчу жолугушуусунда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана Евразия экономикалык бирлигинде экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу маселелери талкууланат.
Эске салсак, ЖЕЭК мүчөлөрү — Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ