Кыргызстандын 13 ооруканасы таажывирус илдетин жуктургандарды кабыл алууга даяр, аларга 850 койка жайгаштырылган. Анын ичинде 87 палатасы бар интенсивдүү түрдө дарылоо жүргүзгөнгө ылайыкташтырылган. Эгерде бейтаптардын саны көбөйсө, анда Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы 1315 резервдик керебеттерди даярдап койгон. Учурда бардык облустарда ооруканалар даяр, анын ичинде кызматкерлер дагы такталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 14-апрелде өкмөттө өткөн брифингде билдирди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ