Menu

Абдывахаб Нурбаев, депутат: “Кээ бир банктар кардарларга 3 ай каникул бериптир, бирок төртүнчү айда 4 айдыкын бир төлөйсүң деп жатыптыр”

Бөлүшүү:

Кээ бир банктар кардарларга 3 ай каникул бериптир, бирок төртүнчү айда 4 айдыкын бир төлөйсүң деп айтып жатыптыр. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде депутат Абдывахаб Нурбаев Жогорку Кеңештин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда билдирди.

“Учурда ишкерлер кайрылып жатышат. Алар төлө алышпайт да. Бул жагы кандай болот?” – деп суроо салды депутат.

“Өзгөчө абалды 15-апрелге чейин деп киргизгенбиз. Бүгүн 13-апрель, мындан кийинки биздин иштөө режимибиз кандай болот, тагдырыбыз кандай болот (?), ошого жараша дагы өзгөртүүлөр кирет го деп ойлойм” – деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

“Анда муну дагы кайра карайсыздар?” – деп сурады депутат.

“Менин оюм ошондой” – деди Кубатбек Боронов.

“Муну караш керек, анткени алар 3 ай иштебей туруп, 4-айда 4 айдыкын бир төлөй албайт да. Кайра карызга батышат. Ушуну карап коюшуңар керек” – деп билдирди Абдывахаб Нурбаев.

“Туура” – деди Кубатбек Боронов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: