Menu

Видео – Бишкекте бет кап тагынбай, “сасык кыргыздар!” деп сөгүнүп, милицияны башка чапкан кыз 15 күнгө камакка алынды

Бөлүшүү:
Бишкекте милиция кызматкерлеринин айтканына баш ийбей, оозго алгыз сөздөр менен сөгүнгөн кыз 15 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Бишкек шаардык комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бир күн мурун социалдык тармактарда милиция кызматкерлеринин пикирлерине агрессивдүү мамиле кылган, уят сөздөрдү колдонгон жана милициянын талаптарына баш ийбеген кызды чагылдырган видео пайда болду.

Окуя мындайча болгон, 11-апрелде, кечки саат беш жарымдар чамасында Октябрь районунун милиция кызматкерлери көчөлөрдү кайтарып турушкан. Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз кызды медициналык бет кап тагынбагандыгы үчүн токтотушкан. Кызга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө ал оозго алгыз сөздөр менен сөгүнүп, өзүн агрессивдүү көрсөтүп, милиция кызматкерине кол көтөргөн.

Бул факты Октябрь РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “бейбаштык” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөө иштеринин алкагында кармалган адамдын өздүгү аныкталып, ал 1997-жылы туулган К.К. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Ал Октябрь райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, 15 күнгө СИЗО-1ге камакка алынган.

Этият болуңуздар: ээн ооз сөздөр, нормативдүү эмес лексика бар!

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: