Menu

Депутат экс-министр Космосбек Чолпонбаевди аскердик абалдын талабы боюнча жоопко тартууну талап кылууда

Бөлүшүү:

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин ишине укуктук баа бериш керек. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда билдирди.

Анын айтымында, Космосбек Чолпонбаевдин шалаакылыгынан улам мамлекетке чоң зыян келтирген.

“Биз өзгөчө кырдаал учурунда жашап жатабыз. Аскердик режимде шалаакылык кылган – бул кылмыш. Демек, Космосбек Чолпонбаевдин ишин Аскер прокуратурасына өткөрүп берүү керек. Анын айынан 2 ай бою реагенттер болгон жок, коргоочу костюмдар болгон эмес. Ошонун айынан биз Италия сыяктуу болуп калдык. Ар бир бешинчи бейтап – дарыгер. Биринчи врач өзү ооруп жатат, экинчи, мамлекетке зыян келтирип жатат да. Ошон үчүн комитеттин чечимин туура көрөм, Чолпонбаевдин ишмердүүлүгүн мамлекетке каршы шалаакылык эмес, чыккынчылык катары баалап, Аскер прокуратурасы караш керек” – деп билдирди депутат.

“Бир адамдын айынан мамлекеттин коопсуздукка чоң сокку урулду. Бизге таажывирусунан дагы, шалаакылык, кайдыгерлик коркунучтуу” – деп  кошумчалады депутат.

Мамлекетке чоң зыян келтирилген. Чындыгында, азыр дарыгер өзү ооруп, оорулууларды дарылай албай жатат. Мунун бардыгы бир эле адам үчүн”- деп билдирди депутат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: