“Биз жеке менчик лабораториялар менен иштешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул өзгөчө кооптуу иш болгондуктан аяр мамиле кылыш керек”, – деп билдирди бүгүн, 14-апрелде КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбеков өкмөттүк онлайн-брифингде.
“Бонецкий лабораториясы деген жеке менчик лаборатория менен Мамлекеттик вирусологиялык лабороториясы бирдикте иш алып баруу тууралу макулдашуулар жүргөн. Азыр Бонецкий лабораториясы мамлекеттик лабораториянын аймагында лаборатория куруп бүтүп калды. Буйруса ушул жуманын аягында келе турган шаймандары толук коюлуп бүтсө кийинки жумада ишин баштап калат деп турабыз. Алар мамлекеттик көзөмөлдө туруп иш алып барат”, – деди Нурболот Үсөнбеков.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ