Menu

Кубатбек Боронов: “Башында реагенттер жетишпегендиктен 11 миңге жакын үлгү тоңдурулуп турган. Бүгүнкү күндө тоңдурулган анализдер жок”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда бир нече депутат таажывируска анализдер алынып, анын жыйынтыктары созулуп жатканын айтышты.

Депутат Чыныбай Турсунбековдун айтымы боюнча, айрым региондордо таажывируска анализдер алынганы менен 2-5 жумадан бери жыйынтыктары чыга элек болгон учурлар катталып жатат.

“Тактап айтып койгулачы. Канча кишинин анализинин жыйынтыктары бар?” – деп сурады депутат.

“Андай учур болгон. Башында реагенттер жетишпегендиктен 11 миңге жакын үлгү тоңдурулуп турган. Азыр 25 миңдей анализдерди бардыгын алып бүтүрдүк. 9 лабораторияда 13 жабдыктардын топтому иштеди. Бир суткада кызматкерлер 3 кезек иштеп, 1 400гө чейин анализдерди чыгарып жатышты” – деп билдирди биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов.

Анын айтымы боюнча, учурда анализдин жыйынтыгын ошол эле күнү алууга мүмкүнчүлүк бар.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: