Menu

Каныбек Иманалиев, депутат: “Бул темп менен жүрүп отурсаңар силер вирусту жуктуруп алган адамдар менен байланышта болгон 7000 адамдын диагнозун 2022-жылы чыгарасыңар”

Бөлүшүү:
Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда депутат Каныбек Иманалиев Саламаттыкты сактоо министрлигине таажывирус илдетине анализ тапшыргандардын жыйынттыгы эмне үчүн кеч чыгып жатканы боюнча суроо салды.
“Кемин районунан 15-мартта 79 киши таажывирус илдетине анализ тапшырган, мына бүгүн бир ай болду, алардын ичинен үч эле адамдын анализинин жыйынттыгы чыкты. Калган 76 адам дагы деле ала элек. Бул темп менен жүрүп отурсаңар силер вирусту жуктуруп алган адамдар менен байланышта болгон 7000 адамдын диагнозун 2022-жылы чыгарат экенсиңер. Ага чейин бүт Кыргызстанга вирус таркап кететта. Айылда карантин деген кандай болоору баарыбызга белгилүү. Ал жакта карантин деген жок, адамдар кошуналары менен учураша беришет, айыл чарба иштерине чыгып кетишет. Мүмкүн анализ тапшырган 79 адам дагы  700 киши менен байланышта болгондур. Мына силердин ишиңердин жыйынттыгы. Эмне үчүн элди алдап жатасыңар? Эгерде өзүңөр жетишпей жаткан болсоңор “Юрфа” менен “Бонецкийге” дагы бергиле. Жеке менчик ооруканалар жардамга келмейинче өзүңөр жетише албайсыңар”,- деди депутат.
“Мен айтып кеткендей 25 миңдей тест анализ келип түшкөн, анын баарын биз толук өткөрүп бүттүк. Ал эми бизде башында реагенттер жок болгон. Тест системалардын баардыгы бар бирок ошого тиешелүү эки түрдүү реагенттер болот экен ошолор дүйнө жүзү боюнча жетишпей жаткандыктан бизде ушундай маселе чыкты. Ошонун негизинде кээбир анализдерди алуу маселеси созулуп кетти. Ал эми сиз айтып жаткан 79 адамдын анализдеринин жыйынттыгы бир айга созулуп кетиши мүмкүн эмес”, – деп билдирди биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

34 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: