Өкмөт COVID-19 тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин өз убагында жүргүзбөгөндүгүн мойнуна алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда билдирди.
Ал депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, март айынын башында Сауд Аравиясы жана БАЭ эпидемиологиялык жагымсыз жагдай байкалган өлкөлөрдүн катарына кирбегендигин белгиледи.
“Ооба, биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек болчу. Бул сапар министрлер кабинети тарабынан уюштурулган эмес. Умрага туристтик компаниялар менен барууга мүмкүн. Биз ага тыюу сала алууга мүмкүн эмес. Бирок биз азыр көйгөйдү көрдүк” – деп билдирди Кубатбек Боронов.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-мартта эң алгачкы учур Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун тургунунан табылган. Ал Сауд Арабиясынан умрадан келген. Учурда Кыргызстанда 430 адамдан таажывирусу аныкталган. 71 киши айыгып, 5 жаран каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ