Menu

Депутат Кубатбек Бороновго: Бүгүн элдин ынтымагын, биримдигин сынай турган учур келди деп ойлойсузбу?

Бөлүшүү:

“Бул жерде залда отургандар мамлекеттин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгын өйдөрөөк койгон адамдарбыз деп түшүнөм. Кубатбек Айылчиевич, бул жерде түйшүктүн баары, дөңгөчтүн жоон жагы сиздин мойнуңузда экен. Бардыгыбыз сизди карап турабыз. Сиздин ден соолгуңузду тилеп турабыз” – деп билдирди депутат Зарылбек Рысалиев бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында.

“Сизден бир нерсени сурап алайын. Бүгүн элдин ынтымагын, биримдигин сынай турган учур келди деп ойлойсузбу?” – деп суроо салды депутат.

“Эң туура айтып жатасыз. Бүгүн элди сыноодон өткөрө турган убак” – деп жооп берди Кубатбек Боронов.

“Ош, Сузак, Кара-Суу – Кыргызстанда эң чоң райондордун сап башында турат. Ошондой эле, Бишкек. Эмесе, сизге бир суроо. Бүгүнкү коомдук саясий туруктуулукту нугунан чыгарчу учурларды айтып кете аласызбы?” – деди депутат.

“Негизи, таажывирус келгенге чейин деле коомду туруктуулуктан чыгара турган бир нече факторлор болгон. Бүгүнкү күндө ошолорго кошулуп, айта кетсем, элдин камсыз болуусу. Мисалы, азыр өзгөчө абал кирген жерлерде калк жумушсуз калды. Өзгөчө шаар жерлеринде. Анын ичинен, күнүмдүк тамагын таап, ичип отурган элдерибиз бар. Ошолордун бүгүнкү күндөгү акыбалы, азык-түлүк менен камсыз болуу маселеси, ушулардын бардыгын көз жаздымда калтырбай алып барбасак, сиз айткандай, коомдо кандайдыр маселе жаралышына же кээ бирөөлөрдүн ошол абалды пайдаланып кетишине шарт түзүшү мүмкүн боло турган себепбердин бирден-бири болуп эсептелет ” – деп жооп берди Кубатбек Боронов.

Зарылбек Рысалиев : “Эгерде, сиз айткан коомдук саясий абалдын нугунан чыгарчу тараптардын мүдөөсү ишке ашып кетсе, биздин милиция токтотконго күчү жетеби?” – деп сурады.

“Мен жетет деп ойлойм” – деди биринчи вице-премьер-министр.

Депутат коомдук саясий абалдын нугунан чыгарчу тараптарды санап өтүүнү суранды.

“Мен сизге санын эмес, түрлөрүн айтайын. Күнүмдүк тапканын күнүмдүк жашоосуна короткондор: базарларда тачка түртүп иштегендер, таксисттер, курулуш тармагында иштегендер ж.б. бар. 5-6 негизги позиция бар. Алардын шаар боюнча чыгарылган саны бар, бир эле позиция менен алганда 17 миңге жакын чыгып жаткан” – деди Кубатбек Боронов.

Депутат 17 миң киши көчөгө чыкса, милициянын күчү жетеби (?) деген суроо узатты.

“Мен жетет деп ойлойм. Ишенишибиз керек” – деп жооп берди биринчи вице-премьер-министр.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: