Menu

АКШнын Жогорку соту президент Трамптын салыктары тууралуу ишти май айында карайт

Бөлүшүү:

АКШнын Жогорку сотунун имараты, Вашингтон

АКШнын Жогорку соту эпидемияга байланыштуу судьялар биринчи жолу угууларды телеконференция режиминде өткөрө турганын билдирди. Мындай жол менен карала турган иштердин арасында президент Дональд Трамптын салык декларациясын ачык жарыялоо талаптарына байланышкан иш бар.

Жогорку соттун расмий өкүлү Кэти Эрберг май айында судьялар он ишти карай турганын билдирди. Дарыгерлердин сунуштарына ылайык, алардын баары аралыктан каралат.

АКШнын Жогорку соту жаңы технологияларды өтө сейрек колдонот. Алсак, бүгүнкү күнгө чейин тараптардын жүйөөлөрү видеого тартылбайт. Аудио трансляциялар да түз эфирде берилген эмес. Бирок бул жолу журнаисттер отурумдарды радио трансляциялар аркылуу укса болору кабарланды.

Жогорку соттун алты отуруму кийинки айдын алгачкы он беш күндүгүнө белгиленген. Азырынча кайсыл иш кайсы күнү каралары белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: