Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева кээ бир саясатчылар таажывирус илдети жок экенин айтып элдердин башын айландырып жатышканын билдирди.
“Кээбир саясатчылар таажывирус илдети жок деп элдин башын айландырып жатышат. Ошондой саясатчыларды бет капсыз инфекциялык ооруканага алып барып, экскурсия кылып келиңиздер. Бул сөз кимдер жөнүндө болуп жатат жакшы билет болушуңуздар керек. Мен эмне үчүн мындай деп жатам, анткени Сокулук районуна барсам жарандар “вирус жок деп депутаттар сүйлөп жатышат, чынында эле жокпу?”,- деп сурашууда. Донорлордон жардам келип жатат, таажывирус тууралуу видеороликтерди тартып, маалымат каражаттарынан чыгарып туруу керек”,- деди Сурабалдиева.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ