“Кытайдан дарыгерлердин тобу Кыргызстанга келет деп айтылды эле. Дарыгерлер келеби?” – деп сурады депутат Руслан Казакбаев бүгүн, 14-апрель Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында.
Бул суроого вице-премьер-министр Аида Исмаилова жооп берип, дарыгерлер келе турганын билдирди.
“Биз кечээ Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен сүйлөштүк. Кытайдан уруксат берилиптир. 15 дарыгер Кыргызстанга келе турган болду. Азыр ТИМдин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат” – деп билдирди Аида Исмаилова.
“Качан келет?” – деп депутат убактысын тактап сурады.
“Жакын арада. Тышкы иштер министрлинен жоопту алышыбыз керек. Анткени, кечээ, мурдагы күнү жолугушуулар болду. Бүгүн, эртең билинет” – деди вице-премьер-министр.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ