Menu

Ошто коменданттык саат учурунда шишкебек бышырып, эс алган адамдар аныкталып, аларга карата кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

“Коменданттык саат учурунда көп кабаттуу үйдүн тургундары шишкебек бышырып жатат” деген маалымат тастыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрель күнү Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, жарандардын мындай аракетин кошуналарына, туугандарына жана алардын жакындарына болгон сыйлабоо катары бааласа болот.

“Кечээ бул маалымат тастыкталды. Ош ШИИБ бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Биз териштиребиз” – деп  билдирди комендант.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-апрелде кезектеги онлайн брифингде жаран комендантка кайрылып, Ош шаарындагы Түштүк-Чыгыш кичи районундагы жаңы салынган көп кабаттуу үйдүн жашоочулары коменданттык саат учурунда шишкебек бышырышып, ызы-чуу салып жаткандыгы тууралуу маалымат айткан.

Комендант коменданттык сааттын эрежелерин бузгандарга, башкаларды сыйлабандарга катуу чаралар көрүлөрүн эскерткен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: