Menu

Жалал-Абадда бир эркектин жарандык жана расмий никедеги аялдары мушташып, бирөөсү 2,6 жылга эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Жалал-Абаддагы “Кыргызнефтегаз” ишканасында бир эркектин жарандык никедеги аялы жана расмий никедеги аялы мушташышкан. Алардын бири соттолду. Бул тууралуу сот актыларынын сайтында кабарланат.

Соттун чечиминде айтылгандай, Сүйөрова Гүлсара аттуу жаран үстүбүздөгү жылдын 15-январында болжол менен саат 06:00дө Майлуу-Суу шаарына караштуу Нефтепром айылындагы “Кыргызнефтегаз” ишканасында иштеген күйөөсү Рустамга келген. Ал жактан күйөөсүнүн ойношун 1981-жылы туулган Айжаркынды көрүп калып, ага кол салып асылган. Айжаркын ага жооп кылып, колундагы аш кепкир менен уруп-сабаган.

Соттук отурумунда айыпкер Айжаркын өз күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Ал, 2020-жылдын 14-январь күнү Кочкор-Ата шаарынан жумушунан чыгып, жарандык никеде жашаган жолдошу Рустамдын чакыруусу менен кечки саат 21:00 чамасында күйөөсү иштеген “Кыргызнефтегаз” ишканасынына келгенин айткан. 

Ал ошол түнү аябай кеч болуп кеткендиктен Рустамдын жумушунда түнөп калган. Анын эртеси, 15-январда болжол менен саат 06:00дө жолдошуна тамак ысытып жаткан учурда Рустамдын расмий никедеги аялы Гулсара келип калган.

“Ал мени эки колу менен мойнуман муунтуп баштады, дубалга алып барып такап, колу менен бети башымды тытмалап салган. Мен өзүмдү коргоого аракет кылдым, Гүлнараны чачынан кармап, колумдагы аш кепкир менен кантип урганымды байкабай калыптырмын. Ошол учурда менин жарандык никедеги күйөөм, Рустам бөлмөгө кирип келип, бизди ажырата баштады. Андан кийин ал Гүлсараны көчөгө алып чыгып кетти. Мен дагы көчөгө чыктым, таксиге отуруп Кочкор-Ата шаарына кетип калгам. Рустам менен 2014-жылдан бери жашайбыз, экөөбүздүн ортобузда 2017-жылы төрөлгөн 3 жашар Мирлан деген балабыз бар. Соттон жеңил жаза сурайм” – деп билдирген айыпталуучу.

Жабырлануучу Гүлсара сотко Рустам менен 20 жылдан бери жашап жаткандыгын айткан. Үстүбүздөгү жылдын 14-январында “Кыргызнефтегаз” ишканасында айыпталуучу Айжаркын кол салганын айтты. Ал Майлуу-Суу шаардык ооруканасына кайрылып, бетин тиктирип, даарыланып чыкканын айтып, соттон айыпкерге карата мыйзам чегинде жаза берүүнү суранган.

Ал эми Рустам 14-январь болжол менен саат 21:00дө жарандык никедеги аялы Айжаркын чалганын, жашап жаткан батирге акча төлөш керек болуп жатат деп айткандыктан, аны жумушуна чакырганын айткан.

“Болжол менен саат 22:30дө Айжаркын мен иштеген ишканага келип, түнөп калган. 15-январь болжол менен 05:30дө менин никеде турган аялым Гүлсара келип калды. Аял кишинин кийимин көргөндөн кийин ызы-чуу сала баштады. Айжаркындын илинип турган палтосун алып сыртка чыкты. Мен ага 20 жыл бирге жашап келе жатабыз, уят болуп калбайлы, сүйлөшүп чечели дедим. Ал макул болуп, Айжаркындын пальтосун мага кайтарып берди. Мен кийимди ордуна койгончо, Гүлсара ашканага кеткен экен. Ал жактан менин экинчи аялымды көрүп, ага кол сала баштаган. Мен алардын ортосуна түшүп, ажырата баштадым. Экинчи аялымды сыртка чыгарып, биринчисин тынчтандырып жаткам. Бирок, ал таксиге түшүп кетип калды. Менин жарандык никедеги аялым расмий никедеги аялымды аш кепкир менен урганын көргөн эмесмин”, – дейт Рустам.П.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында, жабырлануучу жеңил жаракат алган. Тергөөнүн жүрүшүндө жана сот залында соттолуучу Айжаркындын күнөөсү толугу менен далилденди.

Тараптардын пикирин уккандан кийин, сот айыпталуучу Айжаркынды 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратты. Бирок сот пробациялык көзөмөлдү бир жылга чейинки мөөнөткө дайындоону чечти.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: